Жаңылыктар
ЖОЛКОЛОТ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ КАПИТАЛДЫК ОНДОП ТҮЗӨӨ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ.
08.08.2025
19
ЖОЛКОЛОТ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПКЕ КАПИТАЛДЫК ОНДОП ТҮЗӨӨ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ.
Ак-Суу районуна караштуу З.Сооронбаева атындагы Жолколот жалпы орто билим берүү мектеби капиталдык ондоп түзөөдөн өттү. Ремонт иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан 12 млн.сом каражат бөлүнгөн. 3 кабаттан турган имараттын ички жана тышкы жасалгасы толугу менен жаныртылып, окуу кабинеттеринин ичтери ондолду. Ошондой эле эшик, терезелери толугу менен жаныртылды. Буга чейин окуу жайда капиталдык ондоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө ондоо иштеринин дээрлик 80% бүткөрүлүп, жаны окуу жылынын башталышана даярдык кызуу жүрүүдө. Аталган билим берүү мекемесинде 400 ашуун бала билим алып келет.