Жаңылыктар
ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ЖАНЫ 100 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
11.12.2025
9
ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ЖАНЫ 100 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында жаны 100 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Имараттын курулушу 2021-жылы башталган. Бала бакча эки кабаттан туруп, аянты жалпысынан 874 чарчы метрди түздү. Курулушка Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 56 млн. сом каражат бөлгөн. Бул каражатка имараттын курулушу, айлана-тегерегин жашылдандыруу, керектелүүчү эмеректер жана жабдыктар сатылып алынды. Бала бакчада балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жаны ачылган бала бакча көптөгөн бөбөктөргө мыкты тарбия берип, айыл элинин кызматында болмокчу.





