Жаңылыктар

ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ТЕМИР-БЕТОН МАТЕРИАЛДАРЫН ЖАСООЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ.
ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ТЕМИР-БЕТОН МАТЕРИАЛДАРЫН ЖАСООЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ.
Датасы
Кароолор

7

ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ТЕМИР-БЕТОН МАТЕРИАЛДАРЫН ЖАСООЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ.

Жети-Өгүз районунда темир-бетон материалдарын чыгаруучу цех ачылды. 2025-жылы жергиликтүү ишкер долбоор менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан жактырылып 10 млн. сом каражат бөлүп берүү чечими кабыл алынган. Бул каражатка ишкер керектүү жабдыктарды, керектелүүчү материалдарды сатып алып, цехти кенейтип, өндүрүштүн көлөмүн көбөйткөн. Ишканада заманбап технологияларды колдонуу менен евро таш тамандар, евро дарбазалар, тышкы жасалгалоолор, пеноблоктор жасалат. Учурда 10 кызматкер эмгектенет. Бүгүнкү күндө акча каражатынын биринчи траншы каржыланды.