Жаңылыктар

ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ПОЛИСТЕРОЛБЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ.
ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ПОЛИСТЕРОЛБЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ.
Датасы
Кароолор

1

ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨ ПОЛИСТЕРОЛБЕТОН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНА АЧЫЛДЫ.

Жети-Өгүз районунда полистиролбетон чыгаруучу ишкана ачылды. Жергиликтүү ишкер 2025-жылы долбоор менен Ысык-Кол облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор Жети-Өгүз районунун башчысы жана фондттун Байкоочу кенеши тарабынан колдоого алынып 4,5 млн.сом кайтарымдуу, пайызсыз насыя бөлүү чечими чыгарылган. Бул каражатка материалды чыгаруучу атайын формалар, погрузчик атайын техникасы жана башка тийиштүү шаймандар сатылып алынган. Ишкердин айтымында полистеролбетон курулуш тармагында кенири колдонулуп жаткандыктан, суроо-талап көбөйүүдө. Себеби, ал нымдуулука жогорку туруштук берүү менен бирге дубалдарды, тосмолорду курууда, полду жана чатырларды жылуулоодо, ошондой эле монолиттик куюууда колдонулат. Баасы дагы салыштырмалуу чөнтөкө жеңил болууда. Ишкана 6 кишини иш менен камсыздап, жергиликтүү бюджетке салымдарын төлөп турмакчы. Полистиролбетон – цемент, суу, кеңейтилген полистирол гранулаларынан жана кошумчалардан турган жеңил композиттик бетон.