Жаңылыктар

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН АК-ТЕРЕК АЙЫЛЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОБУНУН ЖАНЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛАТ.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН АК-ТЕРЕК АЙЫЛЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОБУНУН ЖАНЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛАТ.
Датасы
Кароолор

45

ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНУН АК-ТЕРЕК АЙЫЛЫНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОБУНУН ЖАНЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛАТ.

Дархан айылында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаны имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Курулуш 2022-жылы башталып, толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Долбоордун наркы 24 млн.549 мин сомду түздү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күнгө чейин атайын медициналык имараттын жоктугуна байланыштуу тургундарга көптөгөн ынгайсыздыктар жаралып келген. Ал эми жаны имараттын салынышы бул көйгөйлөрдү жокко чыгаруу менен бирге айылдыктарга толук кандуу медициналык кызмат алууга шарттар түзүлмөкчү. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жергиликтүү калктын саламаттыгына өзгөчө көнүл буруп, өз саламын кошуп келет. Алсак, Фондтун каржылоосу менен 1 оорукана, 11 ФАП, 2 ҮДТ имараты курулуп, колдонууга берилген. Мындан сырткары, жылына район жана шаарларда жайгашкан медициналык жайлардын ондоп-түзөө иштерине жана керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга каражат бөлүп келет.