Жаңылыктар

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН ТЕМИР АЙЫЛЫНДА БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН ТЕМИР АЙЫЛЫНДА БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Датасы
Кароолор

15

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН ТЕМИР АЙЫЛЫНДА БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.

Ысык-Көл районунун Темир айылында жаны курулган бала бакчанын ачылыш аземи өттү. Салтанат Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин онлайн катышуусунда болду. Ошондой эле ачылышка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Бала бакчанын курулушу толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Курулуш 2022-жылы башталып, жалпы тендерлик баасы 70млн. 410 мин сомду түздү. Эки кабаттан турган имараттын жалпы аянты 983 чарчы мертди түзөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 120 орундуу жана бардык тийиштүү шарттары менен. Ошондой эле, бардык керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыз кылынды. Жаны бакчанын курулушу менен балдардын коопсуз жана ынгайлуу шартта билим алуусуна шарттар түзүлдү.