Жаңылыктар
22.07.2025
11
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2025-жылдын январь-июнь айларына карата аткарылган иштери боюнча маалымат.
2025-жылдын январь-июнь айлары аралыгында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй пландалган жумуштар аткарылган.
2025-жылга карата “Кумтөр Голд Компани” тарабынан берилген болжолдуу сумма (прогноз) 800,0 млн. сомду түздү. 2024-жылдын планынан калдык катары 228,8 млн.сом жана ар кандай төлөмдөрдөн (ссуда) 250,0 млн сом акча каражатын кошуп алганда 2025-жылга пландалуучу болжолдуу акча каражаты 1 278,8 млн. сомду түзөт. Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилген план 1 511,1 млн. сомду түздү.
2025-жылдын январь-июнь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 439,5 млн сом, киреше алып келүүчү долбоорлордон 107,1 млн. сом акча каражаты түшкөн. Жалпы Байкоочу Кеңеш бекиткен пландан 463,829 млн.сом тармактар боюнча каржыланып берилди.
Белгилей кетүүчү жагдай Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун акча каражаттарынын 2025-жылга карата долбоорлорду каржылоо планы Байкоочу Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 25-мартында бекитилип, бекитилген долбоорлорду каржылоо 2025-жылдын экинчи кварталында башталган.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын, Балыкчы, Каракол шаарларынын мэрияларынын сунуштарынын негизинде:
- 9 долбоордун өздүк салымдарын каржылоого жалпы 18,93 млн. сом акча каражаты каржыланды.
- кайтарымдуу финансылык жардам көрсөтүү боюнча 9 ишкерге жана "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасынын аймагында заманбап спорттук комплексин куруу долбоорун каржылоого биринчи траншы катары 100,0 млн. сом акча каражаты каржыланып берилди.
- Атайын багыттагы техникаларды лизинг аркылуу алууга 29 келишимдин негизинде 44,5 млн. сом каржыланды.
Аткарылган курулуш иштердин натыйжасында, облус боюнча Тон районунун Коңур-Өлөң айылында бала бакчанын (сметалык баасы 35 322,8 миң сом), Чолпон-Ата шаарынын мэриясына караштуу Бостери айылындагы "Золотые Пески" муниципалдык пляжын оңдоп-түзөө иштери (келишимдин наркы 100813,0 миң сом), Чолпон-Ата мэриясына караштуу Бостери айылындагы "Борбор" эс алуу жайынын муниципалдык пляжын ондоп-түзөө иштери (келишимдин наркы 35085,6 миң сом), Балыкчы шаарына "Коворкинг борборун" куруу (сметалык баасы 4276,4 миң сом), Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакчанын курулушу (сметалык баасы 54762,5 миң сом), Тамга айылындагы таза суу системасын оңдоо (сметалык баасы 11879,7 миң сом) Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө "Санариптик башкаруу борбору" (19617,6 миң сом) долбоорлору ишке ашырылып колдонууга берилди.
Акча каражатынын тармактар жана район, шаарлар боюнча бөлүнүшү (млн.сом.менен) төмөндөгү таблицада 

