Жаңылыктар
23.07.2025
16
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН БАЙКООЧУ КЕНЕШИНИН ОТУРУМУ ӨТТҮ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кенешинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча отуруму өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты. Алгач жыйындын башында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров жарым жыл ичинде Фонд тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө Фондтун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери, ишкерлерге берилип жаткан пайызсыз насыялар туурасында сөз болду. Жыйындын жүрүшүндө, 2025-жылдын 6 ай ичинде түшкөн акча каражатынын бөлүнүшү жана тармактар боюнча аткарышылы туурасында маалыматтар берилди жана райондордун жана шаарлардын башчыларынан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык планга толуктоолор киргизилди. Отурумдун соңунда берилген сунуштарды эске алуу менен бирге жылдык планды толук ишке ашыруу талаптары коюлду.