Жаңылыктар
12.02.2026
34
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын 2025-жылдын январь-декабрь айларына карата аткарылган иштери боюнча маалымат.
2025-жылдын январь-декабрь айлары аралыгында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан төмөндөгүдөй пландалган жумуштар аткарылган.
2024-жылдын планынан калдык катары 228,8 млн.сом калган. Ал эми 2025-жылга карата “Кумтөр Голд Компани” тарабынан берилген болжолдуу сумма (прогноз) 800,0 млн. сомду түзүүдө, мындан тышкары ар кандай төлөмдөрдөн (ссуда) 250,0 млн. сом акча каражатын кошуп алганда 2025-жылга пландалуучу болжолду акча каражаты 1 278,8 млн. сомду түзөт. Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилген план 1 341,1 млн. сомду түздү, бул жылдык болжолду суммадан 62,3 млн. сомго ашык акча каражаты бекитилди.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан жыл башында Фонддун сметасы 1094,0 млн. сомго бекитилип берилген. Ушул жылдын июнь, сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине бекитилген сметаны дагы 280,0 млн. сомго көбөйтүү боюнча кайрылуулар жиберилген. Бирок сметаны көбөйтүү боюнча иш-чаралар ар кандай себептер менен 2025-жылдын декабрь айында гана ишке ашырылды. Жыйынтыгында КР Финансы министрлиги тарабынан 1 374,0 млн. сом бекитилген.
2025-жылдын январь-декабрь айларына карата “Кумтөр Голд Компани” ишканасы тарабынан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 1 094,2 млн. сом, киреше алып келүүчү долбоорлордон 242,0 млн. сом акча каражаты түшкөн. Жалпы Байкоочу Кеңеш бекиткен пландан 1286,0 млн.сом каржыланып, 12 айга алганда план 95,8 пайызга аткарылды.
Белгилей кетүүчү жагдай Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун акча каражаттарынын 2025-жылга карата долбоорлорду каржылоо планы Байкоочу Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 25-мартында бекитилип, бекитилген долбоорлорду каржылоо 2025-жылдын экинчи кварталында башталган.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын, Балыкчы, Каракол шаарларынын мэрияларынын сунуштарынын негизинде:
- 126 долбоордун өздүк салымдарын каржылоого жана атайын багыттагы техникаларды лизинг аркылуу алууга жалпы 332,9 млн. сом акча каражаты каржыланды.
- кайтарымдуу финансылык жардам көрсөтүү боюнча 28 ишкердин бизнес долбоорлоруна жана "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасынын аймагында заманбап спорттук комплексин куруу долбоорун каржылоого 275,4 млн. сом акча каражаты каржыланып берилди.
Аткарылган курулуш иштердин натыйжасында, облус боюнча Тон районунун Коңур-Өлөң айылында бала бакчанын (сметалык баасы 35 322,8 миң сом), Чолпон-Ата шаарынын мэриясына караштуу Бостери айылындагы "Золотые Пески" муниципалдык пляжын оңдоп-түзөө иштери (келишимдин наркы 100813,0 миң сом), Чолпон-Ата мэриясына караштуу Бостери айылындагы "Борбор" муниципалдык пляжын ондоп-түзөө иштери (келишимдин наркы 35085,6 миң сом), Балыкчы шаарына "Коворкинг борборун" куруу (сметалык баасы 4276,4 миң сом), Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакчанын курулушу (сметалык баасы 54762,5 миң сом), Тамга айылындагы таза суу системасын оңдоо (сметалык баасы 11879,7 миң сом) Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө "Санариптик башкаруу борбору" (19617,6 миң сом), Ак-Терек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты (сметалык баасы 24549,2 миң сом), Ан-Өстөн айылындагы 275 орундук мектептин спорттук залы менен имараты (сметалык баасы 112612,8 миң сом), Ичке-Булун айылындагы бала бакчанын курулушу (сметалык баасы 15936,0 миң сом), Кытай айылындагы мектептин (сметалык баасы 66119,6 миң сом), Жолколот айылындагы З.Сооронбаева атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоо иштери (сметалык баасы 12000,0 миң сом), Ново-Вознесеновка айылына коомдук профилактикалык жана калкты тейлөө борборуна имаратынын курулушу (сметалык баасы 25496,7 миң сом), Курбу айылында мектептин курулушу (сметалык баасы 56291,6 миң сом), Ысык-Көл районунун аймагына милициянын аймактык пунктарынын (МАП) курулушу (сметалык баасы 2879,1 миң сом), Григорьевка айылындагы 140 орундук бала бакчанын курулушу (сметалык баасы 93768,2 миң сом), Темир айылындагы 120 орундук бала бакчанын курулушу (сметалык баасы 70410,1 миң сом), Желе-Дөбө айылындагы 100 орундук бала бакчанын курулушу (сметалык баасы 56212,5 миң сом), Тогуз-Булак айылындагы спорт залдын курулушу (сметалык баасы 8258,0 миң сом) долбоорлору ишке ашырылып колдонууга берилди.
Райондор жана шаарлар боюнча бөлүнүшү төмөнкү таблицада 
(млн.сом менен)