Жаңылыктар
17.12.2025
16
ТҮПТӨ ЖАҢЫ СООДА ЖАНА МЕЙМАНКАНА КОМПЛЕКСИ КУРУЛМАКЧЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу дагы бир ишкерге финансылык жардам көрсөттү. Тактап айтканда, 2025-жылы түптүк ишкер соода жана мейманкана комплексин салуу максатында долбоор жазып Фондго кайрылган. Байкоочу кенештин чечими менен ишкерге 10 млн. сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилди. Ишкердин айтамында Түп айылынын борборунда заманбап соода, кызмат көрсөтүү жана туризм инфраструктурасы жетишсиз. Андыктан жергиликтүү тургундар Каракол же Чолпон-Ата сыяктуу чон шаарларга барууга аргасыз болушууда. Соода борбору жана мейманкана жалпысынын 35 адамды жумуш менен камсыздамакчы. Бүгүнкү күндө каржылоонун биринчи траншы бөлүнүп берилди.