Жаңылыктар
ТОНДО “АРГЫМАК” АТ КОМПЛЕКСИ КУРУЛУУДА.
14.11.2025
3
ТОНДО “АРГЫМАК” АТ КОМПЛЕКСИ КУРУЛУУДА.
Тон районунун тургуну 2025-жылы Тондогу “Жомок” каньонунун жанына ат комплексин куруу үчүн долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор Фонддун Байкоочу кенеши тарабынан жактырылып 7,5 млн.сом каражат бөлүнүп берилген. Бул каражатка ишкер керектүү курулуш материалдарын сатып алып, аттарды кармоочу жайды салууда. Ишкердин айтымында, долбоордун негизги максаты асыл тукум аттарды багуу, көбөйтүү жана келген туристерге кызмат көрсөтүү.

