Жаңылыктар

ТАСМА АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ КҮРӨШ ЗАЛЫ АЧЫЛАТ.
ТАСМА АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ КҮРӨШ ЗАЛЫ АЧЫЛАТ.
Датасы
Кароолор

42

ТАСМА АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ КҮРӨШ ЗАЛЫ АЧЫЛАТ.

Түп районунун Тасма айылында жаны күрөш залынын курулушу аяктап, колдонууга берилет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылга күрөш залын куруп берүү сунушу менен кайрылышкан. Бул демилге Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан колдоого алынып, тийиштүү акча каражаты бөлүнүп берилген. Курулуштун жалпы наркы 12 млн. 742 мин сомду түздү. Спорттук имараттын жалпы аянты 204 м2 түзүп, жалпы машыгуучу бөлмө, кийинип-чечинүүчү жайы, жуунучу жайлар, машыктыруучулардын бөлмөлөрүнөн жана ички дааратканадан турат. Учурда имараттын дээрлик 90 пайызы буткөрүлдү. Жаны имарат көптөгөн айыл жаштарын спортко шыктандырып, сергек жашоого шарт түзүп бермекчи.