Жаңылыктар
21.08.2025
16
ТАМГА АЙЫЛЫНЫН ТАЗА СУУ СИСТЕМАСЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛАНДЫ.
Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында суу менен камсыздоо системасы реабилитацияланды. Айылдык суу ичүү системасы 1970-жылдары курулган. Жаны суу менен камсыздоо системасын куруу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, КР министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылган. 2021-жылы кошумча скважинага муктаждык жарагандыктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунушунун негизинде Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу 11 млн.879 мин сом каражат бөлгөн. Бул каражатка 145 метрлик жаны скважина бургуланып, кубаттуулугу 50 м3 насос орнотулду. Ошондой эле, суу тартуучу түтүктөр курулуп, тегерек чети жарыктандырылды. Бүгүнкү күндө Тамга айылынын 2000 ашуун жашоочусу таза суу менен камсыз болуп, көйгөй толугу менен чечилди.