Жаңылыктар

ОБЛУС АЙМАГЫНА КРЕМАТОРИЙЛЕР АЛЫНДЫ.
ОБЛУС АЙМАГЫНА КРЕМАТОРИЙЛЕР АЛЫНДЫ.
Датасы
Кароолор

7

ОБЛУС АЙМАГЫНА КРЕМАТОРИЙЛЕР АЛЫНДЫ.

Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондору жана Каракол, Балыкчы шаарларына биологиялык калдыктарды жок кылуу максатында крематорийлер алынып берилди. Тактап айтканда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен аталган райондорго жана шаарларга жалпысынан 6 крематорий сатылып алынды. Каржылоонун жалпы суммасы 10 млн.815 мин сомду түздү. Бул каражатка кремациялык мештер, кремулятор (сөөктөрдү майладоочу аппарат), атайын чыпкалар жана күйгүчтөр алынмакчы. Ошондой эле, калдыктарды көмүүчү атайын Беккари чункуру курулмакчы. Крематорий - жаныбарларды кремациялоо үчүн арналган курулуш. Кремация дүйнө жүзү боюнча барган сайын кеңири колдонулуп жаткан көмүүнүн альтернативдүү түрү. Крематорийлер ооруларга каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн колдонулат.