Жаңылыктар
11.08.2025
15
КУРБУ АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ МЕКТЕП БҮТКӨРҮЛДҮ.
Ак-Суу районунун Курбу айылында жаны мектептин курулушу аяктап, Жакынкы күндөрү колнодууга берилмекчи. Билим берүү мекемесинин курулушу 2022-жылы башталган. Жалпы наркы 56 млн. сомду түздү. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Мектеп 2 кабаттуу жана 200 орунга ылайыкталган. Буга чейинки мектеп өтө чакан болуп, эскилиги жетип, пайдубалдары көгөрө баштагандыктан, балдардын ден-соолугуна кооптуу абал жаратып келген. Ал эми жаны мектептин курулушу менен жаны окуу орундары жана балдар үчүн бардык тийиштүү заманбап шарттар түзүлмөкчү. Азыркы учурда айрым ички жасалгалары жана тышкы көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Мектеп балдар үчүн жаны окуу жылга эшигин ачмакчы.
