Жаңылыктар

КАРКЫРАГА ЖЫЛ БОЮ ИШТЕГЕН ЭС АЛУУ БОРБОРУ КУРУЛМАКЧЫ.
КАРКЫРАГА ЖЫЛ БОЮ ИШТЕГЕН ЭС АЛУУ БОРБОРУ КУРУЛМАКЧЫ.
Датасы
Кароолор

7

КАРКЫРАГА ЖЫЛ БОЮ ИШТЕГЕН ЭС АЛУУ БОРБОРУ КУРУЛМАКЧЫ.

Тюп районунун Каркыра жайлоосуна жаны эс алуу борбору курулмакчы. 2025-жылы жергиликтүү ишкер эс алуу борборун куруу максатында долбоор жазып Фондго кайрылган. Байкоочу кенештин чечими менен ишкерге 15 млн. сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген. Долбоорга ылайык жалпысынан 200 орундуу 19 корпус курулмакчы. Анын ичинде административдик имарат, тамактануучу жайы, жыйындар залы, көнүл ачуучу жай жана медициналык кызмат көрсөтүү жайы курулат. Аталган эс алуу борборунун курулушу менен жаны жумуш орундары эле пайда болбостон эс алуучуларга жана чет элдик туристтерге дагы заманбап шарттар түзүлмөкчү. Бүгүнкү күндө акча каражатынын биринчи траншы каржыланды. Учурда курулуш иштери жүрүүдө.