Жаңылыктар
08.12.2025
9
КАРАКОЛДО КӨП ПРОФИЛДҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОР АЧЫЛАТ.
Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда көп профилдүү медициналык борбор ачылмакчы. Жергиликтүү дарыгер жеке медициналык борбор куруу максатында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор жазып кайрылган. Байкоочу кенештин чечими менен ишкерге 30 млн. сом пайызсыз насыя бөлүп берүү чечими кабыл алынган. Борбордун негизги максаты бейтаптарга жогорку технологиялык жардам көрсөтүү, заманбап шарттарды түзүү, сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле, чукул жана пландаштырылган хирургиялык кызмат көрсөтүү. Имарат эки кабаттан туруп, операциялык блок, стационардык бөлмөлөр, эмкана жана таануу бөлмөлөрүнөн турат. Жалпысынан 20 ашуун жаны жумуш орундары тузүлмөкчү. Бүгүнкү күндө имараттын ички-тышкы жасалгалоо иштери жүрүп, тийиштүү медициналык жабдуулар сатылып алынууда.


