Жаңылыктар
27.11.2025
7
КАРАКОЛДО КӨП ФУНКЦИОНАЛДУУ ЭШИК ТЕРЕЗЕ ЖАСООЧУ ЦЕХ АЧЫЛДЫ.
Каракол шаарында көп фукционалдуу эшик терезе чыгаруучу цех ачылды. 2025-жылы жергиликтүү ишкер долбоор менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор Фонддун Байкоочу кенеши тарабынан жактырылып 10 млн. сом каражат бөлүнүп берилген. Бул каражатка ишкер керектүү жабдыктарды, керектелүүчү материалдарды сатып алып, цехти ишке киргизген. Бүгүнкү күндө ишканада 18 кызматкер эмгектенет. Ишкердин айтымында, жергиликтүү өндүрүштөгү эшик терезелер сапаты жагынан чет элдик өндүрүштөн кем калышпайт жана ошол эле учурда баасы чөнтөкө ылайыктуу. Бүгүнкү күндө ишкана толук кандуу иштеп, облус боюнча буйрутмалар кабыл алынууда.

