Жаңылыктар

ГРИГОРЬЕВКА АЙЫЛЫНА ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
ГРИГОРЬЕВКА АЙЫЛЫНА ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.
Датасы
Кароолор

17

ГРИГОРЬЕВКА АЙЫЛЫНА ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ.

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жаны бала бакчасынын ачылыш аземи өттү. Салтанат Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин онлайн катышуусунда болду. Ошондой эле ачылышка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүү фондусунан каржыланып, жалпысынан 93 млн. 768 мин сом бөлүндү. Бала бакча 2 кабаттан туруп, 140 орунга ылайыкташкан. Балдардын сапаттуу билим жана тарбия алышына бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, керектүү эмеректер жана жабдыктар менен камсыз кылынды. Буга чейин бала бакчанын жоктугу айылдын көйгөйлөрүнүн бири болсо, жаны бакчанын курулушу менен бул маселе толугу менен чечилди.