Жаңылыктар

ФОНД АРКЫЛУУ КАРЖЫЛАНЫП ЖАТКАН ОБЬЕКТИЛЕР ТЕКШЕРИЛДИ.
ФОНД АРКЫЛУУ КАРЖЫЛАНЫП ЖАТКАН ОБЬЕКТИЛЕР ТЕКШЕРИЛДИ.
Датасы
Кароолор

16

ФОНД АРКЫЛУУ КАРЖЫЛАНЫП ЖАТКАН ОБЬЕКТИЛЕР ТЕКШЕРИЛДИ.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун мүдүрү Самат Медеров Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунда салынып жаткан курулуш обьектилерине текшерүү жүргүзүштү. Жети-Өгүз районунда салынып жаткан социалдык курулуштардын сапатына тыкыр көнүл буруу менен, бүткөрүү мөөнөтү жана бөлүнгөн каражаттарды максаттуу колдонуу боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле, Ысык-Көл районундагы Бостери айылындагы муниципалдык пляждардын ондоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышып, эс алуучулардын коопсуздугу негизги артыкчылык экендиги баса белгиленди. Фонд аркылуу каржыланып салынып жаткан курулуштарды текшерүү жана көзөмөлдөө иштери бардык район жана шаарларда жүргүзүлмөкчү.