Жаңылыктар
05.08.2025
16
ЭС АЛУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН МИЛИЦИЯНЫН ЗАМАНБАП ПУНКТУЛАРЫ АЧЫЛДЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен Чолпон-ата шаарындагы “Каганат” эс алуу жайынын аймагында жана Советская көчөсүндө жайгашкан милициянын эки аймактык пункту ишке кирди. Милициянын имараты заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул жерде арыздарды кабыл алуу, кайрылууларды каттоо жана окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн керектүү бардык техникалык жабдуулар менен камсыздалды. Бул пукттарды түзүүнүн негизги максаты келген туристтердин гана эмес, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктуу алдын алуу болуп саналат. Ошондой эле, жарандарга тез жана сапатуу жардам көрсөтүүгө шарттар түзүлдү. Эске салсак, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен облус боюнча “Коопсуз аймак” долбоору ишке ашырылып, бүгүнкү күндө үзгүлтүксүз иш алып барууда.
(Сүрөт интернет булактарынан).