Жаңылыктар
11.11.2025
3
БАЛЫКЧЫДА ТЕМИР-БЕТОН МАМЫЛАРЫН ЖАСООЧУ ЦЕХ АЧЫЛДЫ.
Балыкчы шаарында темир-бетон мамыларын чыгаруучу цех ачылды. 2025-жылы жергиликтүү ишкер долбоор менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор Фонддун Байкоочу кенеши тарабынан жактырылып 14 млн. сом каражат бөлүнүп берилген. Бул каражатка ишкер керектүү жабдыктарды, керектелүүчү материалдарды сатып алып, цехти ишке киргизген. Бүгүнкү күндө ишканада 10 кызматкер эмгектенет. Ишкердин айтымында, күндө курулуш тармагы өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, темир-бетон мамыларына болгон суроо талап жогору болууда. Ошондой эле, жаны жолдордун салынышы, электр энергиясы менен камсыздоо, аймактарга байланыш жана интернет кызматын алып барууда дагы колдонулуп келет. Бүгүнкү күндө облус боюнча буйрутмалар кабыл алынууда.м





