Жаңылыктар
БАЛЫКЧЫ ШААРЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ.
19.01.2026
4
БАЛЫКЧЫ ШААРЫНА ЖАНЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техникасы сатылып алынды. Каржылоонун жалпы суммасы 48 млн.сомду түздү. Алар, автогрейдер-1 даана, чоң экскаватор-2 даана, кичи экскаватор-1 даана, бетон аралаштыргыч-1 даана, манипулятор-1 даана, автокран- 1 даана, погрузчик-2 даана, седелдик тягач(трал)- 1 даана. Аталган техникалар Балыкчы шаарынын муниципалдык ишканаларынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында алынды. Жаны техинкалар шаардын курулуш иштерине, коммуналдык-чарба иштерине жана социалдык-экономикалык жакшыруусуна чоң салымын кошмокчу.
(Сүрөт УТРК Ысык-Көл)

