Жаңылыктар

АН-ӨСТӨН АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ.
АН-ӨСТӨН АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ.
Датасы
Кароолор

50

АН-ӨСТӨН АЙЫЛЫНДА ЖАНЫ МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ.

Жети-Өгүз районунун Ан-Өстөн айылында жаны спорт залы менен мектептин курулушу бүткөрүлдү. Билим берүү мекемесинин курулушу 2022-жылы башталган. Жалпы наркы 112 млн. 612 миң сомду түздү. Курулуш толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунан каржыланды. Мектеп 2 кабаттан туруп, 275 орунга эсептелинген. Ошондой эле, мектеп кошумча өтүүчү галереясы жана спорттук залы менен курулду. Буга чейинки мектептин имараты согуш жылдарына чейин курулуп, авариялык абалда болгон. Ал эми 2008-жылы берилген кошумча корпусунда 8 гана окуу бөлмөлөрү болгон. Ошол себептүү, балдардын толук кандуу билим алуусу аксап, имараттын авариялык абалынан улам кооптуу абал жаралып келген. Ал эми жаны мектептин курулушу менен балдар үчүн бардык тийиштүү заманбап шарттар түзүлүп, аймактын билим берүү сапаты жакшырмакчы. Азыркы учурда жаны курулган мектепте окуучуларды кабыл алууга даярдыктар жүрүүдө.