Жаңылыктар

АК КАЛПАК КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТОО.
АК КАЛПАК КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТОО.
Датасы
Кароолор

9

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору!
Жалпыныздарды “Ак калпак ” күнү менен куттуктайбыз! Ак калпак кыргыздын нарк насилин өзүнө камтыган, көөнөрбөс байлык. Чындыгында ак калпактын философиясы өтө терең. Ак кийизден жасалган калпак ак мөңгүлүү тоолорду жана калктын жан дүйнөсүнүн тазалыгын айгинелеп келет. Ал эми ак калпакка түшкөн ар бир оюу өзүнчө бир чоң мааниге ээ. Кыргыз эли кылымдар бою баш кийимди аздектеп, кастарлап келген. Андыктан биз ак калпактын баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга өткөрүп берүүбүз абзел. Ак калпагыбыз ар дайым башыбыздан түшпөсүн!
Урматтоо менен, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү, Самат Медеров.