Жаңылыктар
08.03.2026
6
8-МАРТ-АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТОО!
Ардактуу асылзат айымдар! Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март-аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз. Сиздер, урматтуу аялдар – үй-бүлөнүн кутусуңар! Биз - эркектер, сиздерге карап эрктүү, мыкты жана күчтүү болгубуз келет. Жаратмандыкка, эмгекке жана намыстуулукка умтулабыз. Сиздер бар үчүн адамзат бар! Сиздерге бекем ден-соолук, бейпил турмуш жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Кызгыздын чыгаан уул-кыздарын эрезеге жеткирип, аруулуктун, сулуулуктун символу болуп журө бериңиздер!
Терең урматым менен, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү Самат Медеров.