Жаңылыктар
23.02.2026
11
23-ФЕВРАЛЬ АТА-МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТОО.
Урматтуу Ата Мекенди коргоочулар! Сиздерди 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мекенди өз өмүрүн тобокелге сала коргоп, көрсөткөн эрдиктериңиздерге терең таазим этебиз. Бизге тынчтыкты камсыздап, ийгиликтерди жаратканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Ата-мекен – ата-бабаларыбыздын кылымдар бою ички жана сырткы душмандардан коргоп, бизге мурас жана аманат катары таштап кеткен жер. Аны коргоо жана кийинки муунга калтыруу биздин ыйык милдет. Демек Ата-Журттун коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Ошондуктан жоокерлер ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, Мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ал эми Сиздер жеңилбес, кайраттуу мүнөзүңүздөрдөн жазбай, ден соолукта болуңуздар! Ар бир үйдө, жалпы эле Мекенибизде бейкутчулук, ырашкерлик өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Урматым менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү, Самат Медеров.