Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун тарыхы

 

Кумтөр долбоору Ысык-Көл облусунда жайгашкандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын                  10-декабрындагы №720, токтомунун негизинде Ысык-Көл облусунун социалдык өнүгүү фонду болуп түзүлгөн. Ал эми, 2009-жылдын 6-июнундагы, Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы кайра каралган инвестициялык макулдашууга ылайык, 2011-жылдын 27-июлундагы №416 токтомунун негизинде Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду болуп өзгөртүлгөн. Ошону менен биге, №416 токтом менен бекитилген жобого 3 жолу өзгөртүүлөр жүргузүлгөн.

1-өзгөртүү: 2012-жылдын 16-мартынадагы №182 токтомун негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр:

-«Фонддун негизги максаттары өзгөртүлгөн»;

«Фонддун негизги максаты болуп Ысык-Көл облусун өнүктүрүү программаларын региондогу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү боюнча бюджеттен тышкаркы каржылоо, Фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу эсептелет.»;

-«Казыналык бөлүмдөн бюджеттен тышкары атайын эсеп ачат» деп өзгөртүлгөн; 

-«Фонддун акча каражатынын сарпталышы жөнүндөгү пунктуна толуктоолор жүргүзүлгөн»;

- Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштерге;

- Ысык-Көл облусунда мамлекеттик-жеке өнөктүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө;

- Ысык-Көл облусунда иш жүргүзгөн ишкерлер жана инвесторлор үчүн гарантиялык фонддорду түзүүгө;

- инвестор менен капиталга чогуу катышуу жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде облуста жаңы ишканаларды ачууга.;

2-өзгөртүү: 2013-жылдын 24-январындагы №27 токтомунун негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр:

-«Фонддун Байкоочу кеңеши жөнүндө өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн»;

«Фондду башкарууну Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) жүргүзөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлөт.»

-«Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн укуктары жана жоопкерчилиги боюнча өзгөртүүлөр жүргүзүлгөн»;

"Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн укуктары жана жоопкерчилиги Байкоочу кеңеш бекиткен объекттердин тизмегине жана топтомо сметасына так ылайыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө (мындан ары - Фонддун каражаттарын тескөөчү) берилет."

-«Фонддун акча каражатынын 50 пайызы «Эскроу эсепке» бөлүнөрү белгиленген»;

3-өзгөртүү: 2019-жылдын 12-февралындагы №49 токтом негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр:

-«Фонддун негизги максаттарына толуктоолор жүргүзүлүп «киреше берүүчү бизнес-долбоорлорду түзүү» деген пункт кошулган; 

Акча каражаттардын сарпталышы боюнча пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилген»;

бюджетти жаратуучу, облустун социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзүүчү, Байкоочу кеңеште жактырылган бизнес-долбоорлорго»; 

"Кумтөр Голд Компани" ЖАК пайдаланган жайыт жерлердин жоготуулары үчүн зыяндын ордун толтуруучу; компенсацияларды төлөөгө»; (Фонддун акча каражатынын эсебинен төлөнүүдө)

Фонддун акча каражатын бөлүштүрүүдө, аталган жобого ылайык Жети-Өгүз, Тоң райондору жана Балыкчы шаары “Кумтор Голд Компани” ишканасынын ишмердүүлүгүнө түздөн түз байланышта болгондуктан “Эскроу-Эсеп” ачылган. Бул эсепке аталган ишканадан түшкөн акча каражатынын 50 пайыз суммасы түздөн түз келип түшөт жана “Кумтор Голд Компани” Жабык акционердик коомунун макулдугунун негизинде пайдалануу ишке ашырылат. Калган 50 пайыз акча каражаты Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондоруна жана Каракол шаарынын муктаждыктарына жумшалат. «Кумтор Голд Компани» ишканасы тарабынан которулган акча каражаттар райондор менен шаарлардын элинин санына жараша бөлүнөт.